Тобубузду өзүңүз үчүн ачыңыз:

Berlin-Chemie 130 жылдан ашуун убакыттан бери фармацевтикалык продуктыларды иштеп чыгуу, өндүрүү жана таратуу менен алектенип келет жана 1992-жылдан бери италиялык алдынкы Menarini Тобу фармацевтикалык компаниясынын туунду компаниясы болуп саналат.

Кесипкөйлөр

Berlin-Chemie Online академиясын табыңыз - медициналык адистер үчүн инновациялык билим берүү мейкиндиги. Алдыңкы дүйнөлүк эксперттердин уникалдуу дисциплиналар аралык программалары бейтаптарыңыз үчүн эң жакшы клиникалык натыйжаларга жетүүгө жардам берет.

Терапиялык аймактар

Калкан бези

Калкан безинин оорулары Калкан бези метаболизм жана дененин башка функциялары, анын ичинде өсүү үчүн маанилүү болгон гормондорду өндүрөт.

Калкан бези ар кандай оорулардан пайдан болушу мүмкүн, алар жалпысынан эки топко бөлүнөт: гормоналдык бузулуулар - Гипотиреоз же гипертиреоз сыяктуу ооруларга алып келген кандагы гормондордун деңгээли менен байланышкан көйгөйлөр.

көлөмүнүн жана түзүлүшүнүн өзгөрүшү - калкан безинин чоңоюшу тыгыз нерселердин же шишиктердин пайда болушу. Бул өзгөрүүлөр калкан безинин гормондорду бөлүп чыгаруусуна таасир этиши, бирок ошол эле учурда ага таасир этпеши ыктымал.

Гипотиреоз калкан безинин эң кеңири таралган оорусу. Ал адамдын жашоо учурунда же төрөлгөндө эле бар болушу мүмкүн. Гипотиреоз организмде маанилүү калкан безинин гормонунун өтө аз болуусунуун натыйжасы. Ал алсыроого, депрессиялык маанайга, көңүл топтоонун кыйындашына, суукка сезгичтиктин жогорулашына, булчуңдардын тартылышына же ал тургай чачтын түшүшүнө алып келиши мүмкүн.

Гормоналдык бузулуу кандагы калкан безинин гормонунун деңгээлин текшерүү аркылуу аныкталат. Гипотиреозду (калкан безинин гормонунун жетишсиздиги) гормондук таблеткалар менен алмаштыруучу терапия менен дарылоо мүмкүн. 

Калкан бездин формасынын жана өлчөмүнүн өзгөрүшүн УЗИ аркылуу аныктоого болот.

Калкан безинин ооруларын түшүнүү жана дарылоо симптомдорду башкарууга жана жалпы ден соолукту жакшыртууга жардам берет.