1956 – VEB Berlin-Chemie
Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийин Schering AG'нын Адлерсхоф заводу Совет бийлиги басып алган аймакта калган. Ошентип, кийинчерээк Герман Демократиялык Республикасында жайгашкан. Куралсыздандыруунун натыйжасында компания машина, жабдуу, лабораториялык курулуштар жана чийки заттарынан айрылат, бирок ошол эле учурда аскердик администрациянын буйрутмасы менен өндүрүш улантылат. Өнүмдүн ири бөлүгүн Совет бийлиги компенсация иретинде тартып алчу. 1948-жылы Адлерсхоф заводу улутташтырылып, мамлекеттик ишканага айланды.
50-жылдардын ортосунан баштап компания VEB Berlin-Chemie деп аталып калды. Андан кийинки жылдары мамлекеттик комания Герман Демократиялык Республикасындагы эң ири химиялык компаниялардын бирине айланды. Пенициллин, инсулин жана хлорамфениколдон тышкары, VEB Berlin-Chemie пестициддерди жана зыянкечтер менен күрөшүү каражаттарын, кийинчерээк турак-жай курулушу үчүн силикаттарды, ошондой эле текстиль жана косметикалык өнөр жай үчүн чийки заттарды да өндүрчү.